Жаңы-Тилек айылындагы мектепте «Берекелүү алтын күз» сынагы болуп өттү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы мектепте «Берекелүү алтын күз» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу мектеп директору Мирбек Чырмыев билдирди.

Анын айтымында, С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин 1-класстан 6-класска чейинки окуучулары арасында күз мезгилин даңазалаган сынак уюштурулуп, анда окуучулар күзгү кийимдердин үлгүсүн көрсөтүп, күз мезгилин чагылдырган дубал гезиттерди чыгарышып, бийлеп беришти жана кызыктуу интермедияларды аткарышты.

Сынактын соңунда жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up