Ак-Талаадагы 4 айылдын окуучулары арасында эркин күрөш боюнча турнир болуп өттү

Ак-Талаадагы 4 айылдын окуучулары арасында  эркин күрөш боюнча турнир болуп өттү

Билим АКИpress - 27-октябрда Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 4 айылдын окуучулары арасында эркин күрөш боюнча турнир болуп өттү.

Турнирге Көк-Жар айыл аймагынан, Куртка айылынан, Баетов айылындагы «Тайлак баатыр» спорт мектебинен, Кош-Дөбө айылынан окуучулар катышып, күч сынашты. Күрөштүн уюштуруучусу – Кош-Дөбө айлындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Билимбек Асылбеко.

Күрөштө 20 кг салмактан 85 кг салмакка чейинки балбандар күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up