Кара-Көл шаарындагы мектеп ашканаларынын абалы текшерилди

Кара-Көл шаарындагы мектеп ашканаларынын абалы текшерилди

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеев 25-октябрь күнү мектептерди кыдырып, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева менен бирге окуучуларга ысык тамактын берилүүсү менен таанышып, анын сапатын, ашкананын санитардык тазалыгын карап чыкты. Ал ашпозчулардан ашкана эрежелерин сурап, ар бир кызматкердин өз милдеттерин канчалык деңгээлде билишери менен таанышып, ашкана эрежелери расмий гана тилде эмес, мамлекеттик тилде да дубалдарга илинүүсүнө талап койду.

Бүгүнкү күндө шаардагы 5 мектепте ысык тамак уюштурулуп, «МерсиКо» уюму тарабынан ашканалар жабдылган. Ар бир ашканага камыр жууругуч машина, төрт көздүү (4-комфоркалуу) плитка, электрондук тараза, нан бышыруучу (духовка), муздаткыч, стеллаждар жана столдор берилген. Жалпысынан аталган эл аралык уюм тарабынан шаар ичиндеги №1, №2, №3, №4 жана Кетмен-Төбө айылындагы №5 мектепке 400 миңге чейин жана андан ашык ашкана жабдуулары берилген.

Ар бир мектептин 1-класстан 4-класска чейинки окуучулары бир маал ысык тамак менен камсыз болушат. Ошондой эле январь айына чейин аталган эл аралык компания тарабынан мектептердин ашканалары өсүмдүк майы, күрүч, буурчак, ун менен камсыздалат, тагыраагы азыркы убакта жалпысынан 11 миң тонна азык-түлүк берилген. Мындай азык-түлүктөр келишим боюнча 3 жылга чейин берилип турат. Ашпозчулар балдардын витаминге бай жана туура тамактануусу үчүн атайын тамак даярдоо курстарынан өтүп келишти.

Балдарга мындай шарттарды түзүүдө аталган эл аралык уюм менен шаардык билим берүү бөлүмү келишим түзүп, ар бир мектептин ашканасы компаниянын талаптарына ылайык санитардык нормаларды сактоо менен заманбапташтырылып, окуучулардын ата-энелери жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын, ишкерлердин колдоосунда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүнкү күндө шаар окуучулары бир маал ысык тамак менен камсыз болушууда.

Мындай ийгиликтүү кадамдарды шаар бийлиги да колдоду. Бюджеттин тартыштыгына карабай, ар кандай эл аралык уюмдар менен иштешип, шаар үчүн инвестиция тартылып жатканына шаар башчы, төрага да жакшы ой-пикирлерин айтышты. Ошондой эле алар келерки жылдан баштап бала бакчаларда тарбияланып жаткан наристелер үчүн ушундай шарттарды түзүп, эл аралык уюмдар менен чогуу иш алып барууну улантууну билим берүү бөлүмүнүн башчысына сунушташып, колдоо көрсөтөрүн билдиришти.

Мектеп ашканаларында ысык тамак атайын бекитилген менюнун негизинде берилип турат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up