Нарындагы Р.Усубалиев мектебинде Комсомолдун 100 жылдыгы белгиленди

Нарындагы Р.Усубалиев мектебинде Комсомолдун 100 жылдыгы белгиленди

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Р.Усубалиев атындагы орто мектебинде Бүткүл союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар союзунун (ВЛКСМ) 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары С.Абдыбилиев билдирди.

«Аталган иш-чара мугалим Токтор Кубаеванын демилгеси менен уюштурулду. Алгач тарых мугалими Гүлнара Абдыразакова окуучуларга ВЛКСМ жөнүндө кеӊири маалымат берип, ВЛКСМга биздин айылдан мүчө болгон агай-эжейлерди кол чабуулар менен тосуп алышты. Иш-чарага чакырылган ВЛКСМдин мүчөлөрүнө сөз берилип, алар кантип мүчөгө киргендери, кызыктуу өткөргөн күндөрү боюнча окуучуларга айтып беришти. Бул иш чаранын жүрүшүндө мектепте эмгектенген мугалимдер жамааты хор аткарып, маанайларды көтөрүп, слайддар көрсөтүлдү. Мындан сырткары, ВЛКСМдин 100 жылдыгына карата класстарга класстык сааттар өтүлүп, атайын бурч түзүлдү», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up