Ошто туура тамактанууну мектеп программасына киргизүү сунушталды

Ошто туура тамактанууну мектеп программасына киргизүү сунушталды

Билим АКИpress - Туура тамактанууну мектеп программасына киргизүү сунушталды. Бул тууралуу 30-октябрь күнү Ош шаарында «Туура тамактануу» боюнча өткөн тегерек столдо айтылды.

Жыйынга шаардагы мугалимдер жана медицина кызматкерлери катышты. Учурда туура тамактанбагандын кесепетинен оорулар көбөйүп жаткандыгын уюштуруучулардын бири Роза Кайыкова билдирди.

«Биз тамактанганды билебиз, бирок тамактануу маданиятын билбейт экенбиз. Эгер туура тамактанбасак, өзүбүздүн ден соолугубузду өзүбүз жоготуп алабыз. Туура эмес тамактануунун айынан ар кандай ооруларга дуушар болуп келе жатабыз. Мындан улам бүгүн туура тамактануу боюнча атайын мугалимдерге тегерек стол өткөрдүк. Биз мугалимдерге туура тамактанууну түшүндүрсөк, мугалимдер окуучуларга түшүндүрөт», - деди ал

Тегерек столдун жүрүшүндө мугалимдер туура тамактанууну мектеп программасына киргизүүнү сунушташты. Анткени бала мектеп жашынан туура тамактанууну үйрөнсө, оорулардан алыс болорун айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up