Чүйдөгү мектеп мугалимдери менен директорлору райондук билим берүү бөлүмүнө карата арыз жазышты

Чүйдөгү мектеп мугалимдери менен директорлору райондук билим берүү бөлүмүнө карата арыз жазышты

Билим АКИpress - Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй районундагы мектептердин мугалимдери менен директорлорунун Чүй-Токмок райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерине карата жазган арызы боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Маалым болгондой, Чүй районундагы мектептердин директорлору жана мугалимдери Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча каражаттарын чогулткандыгы боюнча арыз менен КР УКМКга кайрылышкан.

Бул факты боюнча 2018-жылдын июнь айында Чүй областтык прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү, 313-беренесинин 2-бөлүгү жана 313-2-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up