Кеминдеги мектептердин кыргыз тилчилери тажрыйба алмашты (видео, сүрөт)

Кеминдеги мектептердин кыргыз тилчилери тажрыйба алмашты (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районуна караштуу А.Сурантаев атындагы №2 орто мектебинде 2018-жылдын 29-октябрында мамлекеттик тил боюнча тажрыйба алмашуу жана «Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Кемин районундагы жалпы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлжан Жапарова 11-класска кыргыз тили сабагынан сабак-конференция жана кыргыз тили жана адабияты мугалими Бермет Садыкова 8-класска кыргыз адабияты сабагынан «Семетей эпосу» боюнча көрсөтмөлүү ачык сабак өткөрүштү. Ачык сабакта мугалимдер учур талабына ылайык техникалык каражаттарды жана интерактивдүү методдорду пайдалануу менен келген коноктордун көңүлүн бурду.

Окуучулар сабактарга активдүү катышып, ачык сабактар боюнча сунуш-пикирлер айтылда жана талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле мектептин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Елена Терещенко тарабынан адабият айдыңынын алпы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы» аттуу класстан тышкаркы иш-чара өттү. Анда окуучулар аткаруучулук чеберчилиги менен Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырып көргөзүштү, көркөм окууларды аткарып, чакан концерттик программа тартуулашты. Соңунда Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча окуучулардын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чаранын катышуучулары А.Сурантаев атындагы №2 орто мектебинин жалпы эмгек жамаатына иш-чаранын жүрүшү жана мыкты даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up