Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 20 жылдык мааракеси белгиленди

Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 20 жылдык мааракеси белгиленди

Билим АКИpress - 27-октябрь күнү Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы облустук драма театрда Талас областтык чет тилдер лицей-комплексинин 20 жылдык мааракеси болуп өттү. Ага облус жетекчилери, ата-энелер, лицейдин бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери, окуучулары катышты.

Майрамдык салтанатты Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, лицей-комплекстин директору Станбек Момунбеков ачып, конокторго лицейдин тарыхы жана анын 20 жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Андан кийин конокторго сөз берилип, алар лицейдин мугалимдерине ыраазычылыктарын билдирип, каалоо-тилектерин айтышты. Ошондой эле лицейди түптөөгө жигердүү катышкандыгы үчүн Тургун Момунбековага Талас облусунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарып, лицейдин чыгармачыл мугалимдерине Ардак грамоталарды тапшырышты.

Майрамдын экинчи бөлүгүндө лицейдин тарыхы тууралуу презентациялар коюлуп, мугалимдердин жана активдүү окуучулардын таланттары тартууланып, ыр-бийлери жаңырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up