Тарых илимдеринин доктору Акылбек Жуманалиевдин «Синтетикалык жыйнагы» жарык көрдү

Тарых илимдеринин доктору Акылбек Жуманалиевдин «Синтетикалык жыйнагы» жарык көрдү

Билим АКИpress - Тарых илимдеринин доктору Акылбек Жуманалиевдин «Синтетикалык жыйнак» аттуу китеби жарык көрдү.

Аталган жыйнакта тарых философиясы, коом, саясат, тарых, инсан, улут жана мамлекет тууралуу илимий трактаттар, көркөм чыгармалар, эсселер чагылдырылган. Жыйнакка ошондой эле Тацудзи Миёси, Дзюн Таками, Фуюхико Китагава, Мицухари Канэко жана Тодзабуро Оно аттуу япон акындарынын ырларынын котормолору камтылган. Ал эми китептин соңу Акылбек Жуманалиевдин өзүнүн төрт сап ыры менен аяктайт.

Төрт сап ыр
Кеч түн. Уйку жок.
Угулат алыстан иттин алсыз үнү.
Ошондо ишенгиң келет, же ишенгиң келбейт
Жашоонун уланаарын эртеңки күнү.

Китеп «Улуу тоолор» басмаканасында басылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up