Математика боюнча Биринчи дүйнөлүк олимпиадада Оштун студенти коло медаль тагынды

Математика боюнча Биринчи дүйнөлүк олимпиадада Оштун студенти коло медаль тагынды

Билим АКИpress - Өзбекстан Республикасынын Ургенч шаарында өткөн математика боюнча Мухаммад аль-Хорезми атындагы Биринчи дүйнөлүк олимпиадада ОшМУнун студенти коло медалга ээ болду.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан Ош мамлекеттик университетинин 4 студенти катышкан. Жыйынтыгында математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Мээрим Ирисмаматова 3-орунга ээ болуп, коло медаль утту. Ал эми Бекболот Шайдуллаев диплом менен, башка жалпы катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты.

Ошондой эле мисалдарды тандоо, чыгаруу боюнча мыктылыгын көрсөткөндүгү үчүн ОшМУнун профессору, физика-математика илимдеринин доктору Дилмурат Турсунов уюштуруучулардын «Эң мыкты калыс» диплому менен сыйланды.

Биринчи дүйнөлүк олимпиадага дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнүн 56 жогорку окуу жайынан 244 студент катышты. Дүйнөлүк олимпиада англис тилинде жүргүзүлдү.

Дүйнөлүк олимпиада 2 жылда бир жолу улуу математик Мухаммад аль-Хорезминин туулган жери Хорезм облусунда өткөрүлүп турмай болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up