Кош-Дөбө айылындагы мектепте «Жаш лидерлер» клубу ачылды

Кош-Дөбө айылындагы мектепте «Жаш лидерлер» клубу ачылды

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинде окуучулар арасында «Жаш лидерлер» клубу ачылды. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Клубдун максаты — окуучулардын өзүн өзү өнүктүрүүсүнө салым кошуу, мектептин активист жаш лидерлеринин көп болуусуна шарт түзүү, эгер лидерлер көп болсо, мектептеги, айылдагы айрым маселелердин чечилишине көмөгүн көрсөтүү, жардам берүү, ар кандай иш-чаралардын өткөрүлүшүнө салым кошуу, ошондой эле тренинг, конференцияларды уюштуруу менен туура багыт берүү.

Азыркы учурда «Жаш лидерлер» клубунун курамына активист 10 окуучу кирди.

Клубдун урааны:
«Курамыбыз жаштардан,
Билим жолун баштаган.
Колдоо берип жалпыга,
Урааныбыз алдыга!».

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up