Студент Жантайбек окуудан сырткары иштеп, келишимдик акысын өзү төлөп, ата-энесине да жардам берүүдө

Билим АКИpress - Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын биринде 3-курста окуп жаткан жаш энергетик Жантайбек Камаридинов сабактан сырткары, тиричилик техникаларын оңдоочу ишканада иштеп, каражат табат. «Бош убактымда бул жерге келип, тааныш агама жардам берем. Элдин бузулган үй-тиричилик техникаларын оңдоп, өзүмө тажрыйба топтоо менен бирге өзүмдүн окуума, студенттик жашоомо акча иштеп алам. Орточо эсеп менен күнүнө 500 сом табам. Келишимдик негизде окугандыктан, окуумдун акысын өзүм төлөйм, айылдагы ата-энемдерге да кол кабыш кылып турам», - деди жаш энгергетик

Жантайбек үй-бүлөдө 4 бир туугандын уулусу. Келечекте электроника оңдоочу устакана ачууну жана ГЭСте иштөөнү кыялданат. «Менин техникаларды оңдоого аралашып калганыма атам, туугандарыбыз себеп болгон. Кыш мезгилинде суук болгондо чакан устаканабызда бутубузду жууркан менен ороп алып иштейбиз. Кыштын суук күнүндө иштебей койгуң келет. Бирок кышта кардар көп болот, мештер жана кыздардын чач кургатуучу фендери көп келет. Ошол себептүү кышта канчалык көп кыйналсаң, ошого жараша акча табасың. Оңой оокат жок», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up