Ошто «Кийиз керемети» сынагы өттү

Билим АКИpress - Бүгүн, 31-октябрь күнү Ош облустук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кийиз керемети» аттуу сынак өткөрүлдү. Ага аталган борбордун жетекчиси Рахманберди Назаров, ийрим мугалимдери, окуучулар катышты.

Сынакта жалпы 7 райондун катышуучулары күч сынашты.
Иш-чарада паного Ч.Айтматовдун чыгармаларынан идея берүү, каражаттарды туура тандоо, панонун кооздугу, тазалыгы, жаңылыгы, учур талабына ылайыктуулугу, чеберчилик менен жасалышы каралды.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Кара-Суу райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийриминин мугалимдери, 2-орунду Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийриминин мугалимдери жана 3-орунду Кара-Кулжа райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийриминин мугалимдери алып, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунан баалуу белектер жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up