Ак-Тал айылындагы бала бакчада «Алтын күз» майрамы белгиленди (видео)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылындагы «Ак-Тал» бала бакчасынын кичинекей бөбөктөрү күз мезгилин даңазалашты. Бул тууралуу аталган бала бакчанын тарбиячысы Перизат Жолдошакунова билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 30-октябрь «Ак-Тал» бала бакчасынын кичинекей бөбөктөрү тарбиячылары менен бирге «Алтын күз» аталышындагы иш-чара өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кичинекей бөбөктөр тарабынан ата-энелерге концерт тартууланып, күз мезгилин даңазалаган көркөм окуулар аткарылды. Ошондой эле ата-энелери менен бирге даярдаган тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up