Балыкчыда «Мектеп жана ден соолук» аттуу бир айлык соңуна чыкты

Билим АКИpress - Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте 1-октябрдан 31-октябрга чейин жалпы билим берүү мектептери арасында «Мектеп жана ден соолук» бир айлыгын өткөрдү.

Айлыктын алкагында мектеп окуучуларына «Сергек жашоо», «Өздүк гигиена», «Туура тамактануу», «Зыяндуу азыктар», «Күн тартибинин эрежеси» сыяктуу темалар камтылган ачык сабактар жана класстык сааттар өткөрүлүп, Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун ДЧК адистери балдарга ден соолукту сактоо боюнча пайдалуу кеңештерин беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up