Баткендеги Токтогул мектебинде табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча машыгуу өттү

Билим АКИpress - Бүгүн, 31-октябрда Баткен районуна караштуу Чоң-Кара айылынын Токтогул атындагы орто мектебинде өзгөчө кырдаалдарды дана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууда мугалимдер менен окуучулар биргеликте өзгөчө кырдаал катталган учурда элдерди эвакуациялап, өрт кырсыгынан жабыркаган окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, айыл аймактык жарандык коргонуунун медицина кызматкерине өткөрүп беришти. Ошондой эле өрт кырсыгы катталган учурда атайын өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонууну үйрөнүштү. Баткен шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айыл өкмөт кызматкерлерине жана Токтогул атындагы орто мектептин жамаатына өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу боюнча түшүнүк берилип, нускамалар өтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда айыл өкмөттүк жарандык коргонуунун кызматтары менен айыл өкмөт кызматкерлеринин арасында киргизүү жана билдирүү боюнча штабдык машыгуу уюштурулду. Бул иш-чара Баткен райондук жарандык коргонуунун башчысынын планынын негизинде «Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыкканда элдерди коргоону уюштуруу жана ишке ашыруу» деген темада өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up