Панфилов районундагы кыргыз тилчилердин семинары өттү

Панфилов районундагы кыргыз тилчилердин семинары өттү

Билим АКИpress - Панфилов райондук билим берүү бөлүмү тарабынан айлык пландын негизинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин райондук деңгээлдеги семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Көркөм окууда тилдин лексикалык байлыгы, көркөм сүйлөөнүн мааниси» деген темада В.Захарченко атындагы Чалдовар №1 орто мектебинде болуп өттү. Семинарга райондун кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, билим берүү бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу А.Султаналиева жана окуу усулдук бөлүмүнүн башчысы Н.Өзүбекова, окуу усулдук бөлүмүнүн методисти Иличбек кызы Бактыгүл катышты.

Семинардын биринчи бөлүгү ачык сабактар менен башталды. Сабактарды төмөнкү мугалимдер өтүштү:
- Н.Молдобекова кыргыз адабияты сабагынан «Жаңыл Мырзанын эпостогу образы» деген темада 8-класстарга,
- К.Канназарова кыргыз адабияты сабагынан «Акыл таймаш» 6-класстарга,
- И.Сыдыкова кыргыз тили сабагынан «Жөнөкөй жана татаал сөздөр» 5-класс менен стандарттуу сабак,
- Ж.Эстебесова кыргыз тили сабагынан «Сүйлөм мүчөлөрү» 5-в классына.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата «Көркөм окууда тилдин лексикалык байлыгы, көркөм сүйлөөнүн мааниси» аттуу адабий кече өткөрүлдү. Кечеде жазуучунун өмүр баяны, чыгармачылык жолу слайд аркылуу көрсөтүлүп, окуучулар Ч.Айтматовго арнап ыр саптарын айтып беришти. Андан соң жазуучунун учкул сөздөрү экран бетине чагылдырылды. «Кыямат» романын негизинде тартылган «Акбаранын көз жашы» фильми менен бириктирлип сахналаштырылган сценка көрсөтүлдү. Адабий кече «Чыңгыз ага» деген обондуу ыр менен аяктады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up