«Давха-Сокулук» орто мектебинде «Алтын күз» сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы «Давха-Сокулук» орто мектебинде «Алтын күз» сынагы өтүп, ага 5-класстан 10-класска чейинки окуучулар катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептен билдиришти.

«Биздин мектепте 31-октябрь күнү 5-10 класстар арасында «Алтын күз» сынагы өткөрүлдү. Сынакта окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын тартуулап, 2018-жылдагы күзгү саркеч кийимдерди кийип көрсөтүп, жемиштерден кол өнөрчүлүк көрсөтмөсүн уюштурушуп, сценка коюшту жана викториналык суроолорго жооп беришти», - деп билдиришти мектептен.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү — бардыгы окуучулардын күчү менен даярдалган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up