Аламүдүндө белгилүү инсандардын катышуусунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү

Аламүдүндө белгилүү инсандардын катышуусунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү

Билим АКИpress - 2018-жылдын 30-октябрында Аймактарды өнүктүрүү жылына, Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгынажана эл аралык «ТҮРКСОЙ» уюму жарыялаган Чыңгыз Айтматов жылына карата Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Найзабек Көлбаев башында турган жамааттын колдоосу менен «Дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыздын жылдызы» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аламүдүн райондук борбордоштурулган китепканалар тармагынын директору Б.Тагаева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Найзабек Көлбаев, Аламүдүн айыл аймагына караштуу №2 китепкананын башчысы Төлөгүл Исакунова, Садовый айылдык №11 китепкананын башчысы Суура Карабашеванын, мектептин, бала бакчанын жетекчилери, мугалимдери жана айыл тургундарынын жардамы менен өткөрүлдү. Иш-чара төкмө акын Максат Кулуевдин саламдашуусу менен башталып, Аламүдүн айылдык кеӊештин депутаты, Аламүдүн райондук «Афган» коомдук уюмдун төрагасы Абдыманап Сопиев, Аламүдүн райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Дамира Кубатова сөз сүйлөп, белгилүү тарыхый даталар жөнүндө окурмандардын кеӊири маалымат алуусунда китепкананын ролу зор экенин баса белгилешти.

Иш-чарага «Айкөл Манас» коомунун төрагасы Бактыбек Максутов, кинорежиссер, Кино академиясынын академиги, КР Маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Асанкожо Айтикеев, Аламүдүн айылынын ардактуу тургуну, дүйнөнүн 4 жолку, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматкерлери Саламат Дүйшөнбаев, Аида Кубатова, укук коргоочу Рита Карасартова, Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Ырысбек Эшматов жана башка ардактуу коноктор да келип катышышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up