Жети-Өгүздө окуучулар арасында «Менин кыялымдагы милиция» сынагы жыйынтыкталды

Жети-Өгүздө окуучулар арасында «Менин кыялымдагы милиция» сынагы жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, райондук ички иштер бөлүмү жана райондук билим берүү бөлүмү биргеликте Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгына карата райондогу бардык мектеп окуучулары арасында «Менин кыялымдагы милиция» аттуу сынак уюштурду. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук администрациясынан билдиришти.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын жашоого болгон көз карашын жакшыртууга, аларды ыймандуулукка, адептүүлүккө, билимге жана Ата Мекенди сүйүүгө чакыруу.

Сынакта окуучулар сүрөт тартуу, дилбаян жазуу, көркөм окуу, ырдоо, сахналаштырып пьеса коюу, кол эмгектерди чагылдыруу жана башка ушул сыяктуу 8 номинация боюнча ат салышты.

Сынак сентябрь айында башталган. Анын жеңүүчүлөрү милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамында сыйланып, 30га жакын окуучуга Ардак громаталар, ыраазычылык баракчалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up