Кара-Көлдө мугалимдер менен тарбиячылар арасында спортттук мелдеш өттү

Кара-Көлдө мугалимдер менен тарбиячылар арасында спортттук мелдеш өттү

Билим АКИpress - 27-октябрь күнү Кара-Көл шаарында мектеп мугалимдери менен бала бакча тарбиячыларынын арасында спорттук мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Иш-чарага шаардагы №1, №2, №3, №4, №6 мектептердин мугалимдери жана «Баластан», «Келечек» балдар бакчасынын тарбиячылары катышты. Спорттук мелдеш волейбол, шахмат, теннис, ордо оюндары боюнча өткөрүлүп, анда мектептер жана балдар бакчалар арасында командалар күч сынашты.

Жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунга №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдер командасы, 2-орунга №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясы, 3-орунга «Баластан» балдар бакчасынын командасы ээ болушту.

Шахмат боюнча 1-орунду №1 мектеп-гимназиясы, 2-орунду №3 жалпы билим берүү мектеби, 3-орунду №6 Т.Темиров атындагы орто мектептин командасы камсыздашты.

Улуттук оюндардан ордо боюнча 1-орунду №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби, 2-орунду №4 Д.Шопоков атындагы орто мектепби, 3-орунду №6 орто мектеби алды.

Жеңүүчүлөр диплом, кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул иш-чара жылына бир жолу мугалимдер жана тарбиячылар арасында өткөрүлүп турат. Анын максаты — шаардагы мектептер арасында ынтымакты бекемдөө, ден соолукту чыңдоо, бош убакытты туура пайдалануу, жаштар арасында спортту жайылтуу жана спорттук мелдештерге мыктыларды тандоо.

Бул жолку мелдешти №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясы уюштурду. Келерки иш-чара №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинде кышкы эс алуу убагында өткөрүлөрү маалым болуп, эстафета өткөрүлүп берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up