Америкалык жаңы ыктыярчылар Кыргызстандын 48 мектебинде англис тилин окутуп башташты

Америкалык жаңы ыктыярчылар Кыргызстандын 48 мектебинде англис тилин окутуп башташты

Билим АКИpress - Бүгүн, 2-ноябрда Тынчтык Корпусунун ыктыярчыларынын жаңы келген 26-тобунун салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү. Аземге ыктыярчылар, кабыл алуучу үй-бүлөлөр, мугалимдер, мектеп директорлору, министирликтердин жана АКШ элчилигинин өкүлдөрү жана Тынчтык Корпусунун коноктору катышышты.

Алдыдагы эки жыл бою ыктыярчылар Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад областтарында жайгашкан мектептердин англис тил мугалимдери менен иштешип, окуучуларга англис тилин окутушат. Командалык окутуунун жардамы менен ытыярчылар мектептердеги англис тили мугалимдеринин потенциалын жогорулатышат, окуучулардын коммуникативдик англис тил жөндөмдөрүн жогорулатышат, ошондой эле окуу жайларына жана жергиликтүү коомдоштуктарга окутуу ресурстарын кеңейтүүгө жардам көрсөтүшөт. Ыктыярчылар өз мектептеринде окутуучулук курамдын туруктуу мүчөлөрү катары эмгектенишет жана англис тили, компьютердик сабаттуулук, өздүк өсүү сыяктуу сабактан тышкаркы ийримдерди өткөрүшөт.

21 жаштан 58 жашка чейинки ыктыярчылар АКШнын бардык булуң-бурчунан келип, америкалык ар түрдүүлүктү чагылдырышат. Ант берүү аземине чейин алар Ысык-Ата жана Сокулук райондорунда жергиликтүү кабыл алуучу үй-бүлөлөрдө жашашты. Кыргыз тилин, маданиятын үйрөнүү, кабыл алуучу айылдардын мектептеринде техникалык тренингдерди өткөрүү аркылуу алар алдыдагы эки жылдык жумушка жакшыраак даяр болуп калышты. Бүгүн алар өздөрүнүн кесиптештери – англис тил мугалимдери, мектеп директорлоруна кошулуп, өздөрү бөлүнгөн жерлерге көздөштү.

«Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, бул Билим берүү жана илим министрлигинин Тынчтык Корпусунун Англис тилди окутуу долбоорун колдоодогу кызматташтыгы. Ыктыярчылар, мен сиздерди кызматка чейинки тренингди ийгиликтүү аякташыңар менен куттуктайм. Сиздер өз убактыңарды жана талантыңарды башка жерге арноого даяр болгон өзгөчө Америка жарандарысыздар. Мен келечекте көптөгөн адамдарга жакшы таасирин тийгизген из калтырасыңар деп ишенем», - деп белгиледи АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Брайн Стиммлер.

Билим берүү жана илим министрлигинин негизги өнөктөшү болуу менен Тынчтык Корпусунун Англис тилин чет тили катары окутуу боюнча (АЧКО) долбоору мугалимдердин, окуучулардын жана коомдоштуктардын мүчөлөрүнүн кесиптик, академиялык жана жеке потенциалын англис тилинин билимдерин, көндүмдөрүн жана окутуу методдорун өркүндөтүүнүн жардамы менен жогорулатууга багытталган.

Кошумча маалымат: Тынчтык Корпусу саясий жана диний эмес, көз карандысыз АКШ өкмөтүнүн федералдык агенттиги болуп саналат. Бул уюм окутулган кызматкерлерге муктаж болгон өлкөлөргө жардам берүү максатында америкалык ыктыярчыларды жөнөтөт. Тынчтык Корпусу 1961-жылы президент Джон Ф.Кеннеди тарабынан расмий түрдө бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди колдоо үчүн уюштурулган жана бул миссия азыркы күнгө чейин өзгөрүлгөн жок.

Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары Кыргыз Республикасында 1992-жылы кол коюлган келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө Тынчтык Корпусунун 1 миң 200дөн ашуун ыктыярчылары иштеди.

Ант берүү аземинен тартып Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан ыктыярчылардын саны 88 адам болот.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up