Ак-Суунун Боз-Учук айылындагы мектеп кооптуу деп табылса да, окуучулар билим алуусун улантып келет

Ак-Суунун Боз-Учук айылындагы мектеп кооптуу деп табылса да, окуучулар билим алуусун улантып келет

Билим АКИpress - Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы Мамыркул Чөкүев атындагы мектепте учурда 320 окуучу окуп, 20 мугалим эмгектенип келет. Башталгыч класста эле 100 окуучу билим алган бул мектепте азыр абал коопту. Себеби мектептин имараты мындан 50 жылдан ашуун убакыт мурун салынган.

250 орундуу мектептин биринчи имараты 1978-жылы салынса, экинчи имараты 1989-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми үчүнчү имараты 1964-жылы салынган.

Билим уябыздын эскилиги жеткендиктен, тактайлары солкулдап турат. Жыгачтар чирип, арасы ачылып кеткен. Бир күнү балдардын буту кирип кетеби деп кооптонобуз. Мектепке жыл сайын оңдоо иштерин жасап, эптеп кармап турабыз. «МерсиКонун» жардамы менен жылуулук системасы жаңартылганы менен, имараттардын пайдубалы чөгүп баратат. Жараңкалар кеткен сайын бүтөйбүз. 2016-жылы ӨКМ баш болгон комиссия тарабынан имараттар кооптуу деп ьабылган. Бирок, азыркыга чейин жаңы мектептин курулушу башталат деген маалымат ала элекпиз. Биз бул маселе көп создуктурулбай, чечилет деген илгери үмүттөбүз», - дешет аталган мектептин мугалимдери.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up