Кара-Суудагы №80 мектепте «Ч.Айтматов — улуу педагог, улуу тарбиячы» аттуу кече өткөрүлдү (сүрөт, видео)

Кара-Суудагы №80 мектепте «Ч.Айтматов — улуу педагог, улуу тарбиячы» аттуу кече өткөрүлдү (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Ош облусунун Кара-Суу районундагы №80 Х.Тажиматов атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 29-октябрында «Ч.Айтматов — улуу педагог, улуу тарбиячы» аттуу адабий-көркөм иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору М.Пайзилдаев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарага Ч.Айтматов менен жолуккан, анын чыгармаларын изилдеген акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрагасы, акын Турабай Жороев жана Чыңгыз Айтматов 80-жылдары СССР Жогорку Кеңешинин депутаты мезгилинде шайлоочулар менен жолугушууда бирге болгон публицист Сүйүнбай Капаров, Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча изилдөөчү, Ташкент шаарындагы илимий-практикалык конференцияда баяндама жасаган Барнолар Исакова катышып, жазуучунун адамгерчилиги, кичи пейилдиги, улуу педагогдугу жөнүндө кеңири маалымат беришип, окуучулардын жана мугалимдердин кызыктуу суроолоруна жооп беришти.

Кечеде окуучулар тарабынан «Биринчи мугалим» повестинен сценка коюлуп, жазуучунун чыгармаларынан көркөм окуу, монологдор окулду.

Иш-чарага ошондой эле Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу М.Райимжанова, райондогу мектептердин директорлору катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up