Кара-Кулжадагы С.Жусуев мектебинде спорт зал ачылды

Кара-Кулжадагы С.Жусуев мектебинде спорт зал ачылды

Билим АКИpress - Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Сай-Талаа айылында жайгашкан Сооронбай Жусуев атындагы орто мектебинин спорт залынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Пиримберди Дыйканов баштаган мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышышты. Спорт залдын курулуш иштерине республикалык бюджеттен 13 млн сом жумшалды.

Салтанатты куттуктоо сөз сүйлөө менен Кара-Кулжа районунун акими П.Дыйканов ачып, белектерди тапшырып, мектептин курулушуна жакшы салым кошкондорду Ардак грамоталар менен сыйлады.

Учурда С.Жусуев атындагы мектепте 110 окуучу билим алып, 17 мугалим эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up