Аксыдагы мектепте өрт коопсуздугун алдын алуучу иш-чара өттү (сүрөт)

Аксыдагы мектепте өрт коопсуздугун алдын алуучу иш-чара өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы мектебинде өзгөчө кырдаалдарды жана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар жана өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук оорукананын тез жардам бөлүмү, райондук электр тармактарынын кызматкерлери катышышты.

Алгач узакка созулган коңгуроо берилип, мектептин ичиндеги окуучулар менен мугалимдер коопсуз жайларга эвакуацияланышты. Жабырлануучулар сыртка чыгарылып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Машыгуудан кийин өзгөчө кырдаалдар жана өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери аталган табигый кырсыктар боюнча түшүнүк беришти. Өрт өчүрүүчүлөр өздөрүнүн техникалары менен тааныштырып, кантип колдонуу керектигин көрсөтүп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up