Кара-Кулжадагы мектеп окуучулары ысык тамак менен камсыз болууда

Билим АКИpress - Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Б.Эшмамбетов, Б.Бегиев, Э. Осмонов, Ш.Жээнбеков, Ө.Абдылдаев, М.Баатыров ж.б. мектептерде ата-энелерден айына бир окуучуга 50-100 сомдон чогултулуп, жумасына 5 ирет ысык тамак берилип жатат.

Андан сырткары, мектептерде мектепке тиешелүү бактардан өрүк как жасалып, балдарга шире берилип келүүдө. Алардын ичинен С.Калназаров, Ы.Жорокулов ж.б. мектептерин атасак болот.

Ошондой эле мектепке тиешелүү жерлерге эгилген картошкалар, алма ж.б. түшүмдөр жыйналып, окуучулардын тамак-ашына керектелүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up