Ала-Буканын Достук айылындагы мектептин окуучуларына ысык тамак бериле баштады

Ала-Буканын Достук айылындагы мектептин окуучуларына ысык тамак бериле баштады

Билим АКИpress - Ала-Бука районунун Достук айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде учурда 1-4-класстарда 268 окуучу билим алууда.

2018-жылдын март айынан баштап, ата-энелердин жана жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен 403 миң сом акчалай жана материалдык жардам көрсөтүлүп, ашкана толугу менен оңдолуп-түзөлдү. Анын натыйжасында окуучуларга ысык тамак бериле баштады.

Бул жакшы саамалыкты райондогу башка мектептерге жайылтуу максатында аталган мектепте райондук денгээлдеги семинар өткөрүлдү. Ага катышкан мектеп жетекчилери менен Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору Нургүл Алибекова өзүнүн жасаган аракеттери тууралуу ой бөлүштү. Семинардын катышуучулары келечекте бул тажрыйбаны колго алууга белсенип, зор шыктануу менен кайтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up