Ысык-Атада билим берүү тармагындагы профсоюз уюмунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-ата районунда билим берүү тармагындагы профсоюз уюмунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы белигленди. Анда март айында жарыяланган сынактын
жыйынтыгы чыгып, жеӊүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Ысык-Ата райондук профсоюз комитетинин төрайымы Бактыгүл Тыныбекова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Болот Иманалиев башында турган билим берүү тармактарындагы профсоюз уюмунун комитетинен 75 киши катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Март айын жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгып, комиссиянын чечими менен байгелүү орундарды алгандарга акчалай сыйлыктар жана ардак баракчалар берилди:

1-орун — Ивановка №1 орто мектебинин профсоюз комитетинен Ж.Абдыкеримова

2-орун — Новопакровка №3 орто мектебинен З.Иманалиева

3-орун — Кант шаардык №3 мектеп-гимназиясынан С.Майтанова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up