Германия менен Түркиядан билим алган Медет: Кыргызстанда жасалбаган оор операцияларды жасап, элиме жардам берүүнү максат кылып жатам

Германия менен Түркиядан билим алган Медет: Кыргызстанда жасалбаган оор операцияларды жасап, элиме жардам берүүнү максат кылып жатам

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — отук Медетбек Кочкоров. Ал жаштайынан тил үйрөнүп, Германия менен Түркиядан билим алып, Европанын 20дан ашуун өлкөлөрүн кыдырганга жетишти. Учурда ординатура дарыгери.

Медет 1994-жылы 22-майда Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл- Сеңир айылында туулган. Үй-бүлөдө 2 бир тууган, өзүнүн кичүү иниси бар. №26 П.Жолдошев атындагы мектеп-гимназиясын 2012-жылы аяктап, Ош мамлекеттик университетине тапшырган.

«Өзүм жаштайыман чет тилдерге кызыгат элем. Бирден-бир эңсегеним — чет өлкөгө чыгып окуп, тажрыйба алмашуу эле. 2012-жылы медицина факультетине тапшыргандан тарта, 1-курстан баштап немис тилин окуп баштадым. Тилге кызыгуум жогору болгондуктан, 3 жыл немис тилин окуп, Европага, Германияга практика өтөп баруунун жолун издеп баштадык. Тил курсунда эжекем Жумагүл Пайзуллаевна менен биргеликте Германиянын университеттик клиникаларынан практика өтөөнүн жолдорун «ДААД» программасынын алкагында издей баштадык, бир жолу тапшырып, өтпөй калдык.

Мени менен биргеликте 14 студент тапшырган болчу, бирок эжекенин бизге берген мотивациясы менен биз дагы да тилди таштабай, окууну уланттык жана 2014-2015-окуу жылында «ДААД» программасынан тайпалык стипендия уттук. Ошентип, Германиянын ири 3 университеттик клиникаларына: Мюнхен университеттик клиникасына, Йена университеттик клиникасына жана Киль университеттик клиникасына практика өтөөгө өттүк.

Германияга барууга эмне түрткү болду? Немистердин тактыгы, тазалыгы мени кичинемден бери кызыктырчу жана апамдын айтуусу боюнча да кичинемде Германияга барам деп аябай эңсечү экенмин. Мына бүгүн тил үйрөнүү аракетинин арты менен практика өтөөдөн сырткары, Европанын бир топ өлкөлөрүн көрүүгө жетиштим.

«ДААД» программасынан сырткары, Германияга 3 айга жайкы практикага барууга жетиштим, Германияга ар жылы жайкы эс алуу учурунда барып турам. Бул программалар аркылуу Европанын бир топ өлкөрүн жана шаарларын Нидерландия-Амстердам, Белгия-Брюссель, Франция-Париж, Дания-Копенгаген, Германия-Берлин, Гамбург, Франкфурт, Мюнхен, Штутгарт, Росток, Йена, Киль, Дортмунд, Италия, Австрия, Хемниц, Түкия, Анкара, Стамбул, Анталия, Измир ж.б көрүүгө жетиштим .

Йена университеттик клиникасында, өзгөчө Симуляциялык борбордо болдук. Ал борбордон студенттер терапия сабагынан жүрөктүн шумдарын кайсыл ооруда кандай угулушун билишет, төрөттү кантип кабыл алуу, жасалма жол менен төрөтүү, тамырга оңой аппараттын жардамында оңой түшүүнүн жолдорун үйрөндүк.

Киль университеттик клиникасынын урология бөлүмүндө роботтун жардамы менен жүргүзүлүүчү операцияга катышып көрдүк. Эң кызыктуусу жана мага жакканы — урологиялык бөлүмдө операциялык блокко жетиш үчүн 3 этапта медициналык стерилдөөдөн өттүк: биринчи бөлмөдө кийимдерди чечип-кийинип, кийинки каанада жуунуп, стерилдеп, үчүнчү каанада дагы стерилдүү кийим менен бут кийимдерди кийген соң төртүнчү бөлмөгө операцияга кирдик. Бул мага абдан жакты, себеби стерилдөө — бул операцияга сырттан инфекцияны алып кирбөө үчүн жасалат.

Азыркы учурда Ош мамлекеттик университетинде бир топ академиялык мобилдүүлүк программалары бар. Алар: «ERASMUS» «K+107», «DAAD», «MEVLANA» программалары. Булардын арасынан «Мевлана» аркылуу 2 жолу стипендия алууга жетиштим.

2015-2016-окуу жылында Анкаранын Йылдырым Беязит университетине 6 айлык окуу үчүн гран уттум.

2016-2017 окуу жылында Анталья шаарынын Акдениз университетинде 5-курстун бир семестрин окуп келдим. Түркия учурда медицина жаатында аябай өнүккөн. Өзгөчө, Антальяда боор, бөйрөк алмаштыруу операцияларын көрдүм. Түркияда операциялардын көбүнө агайлар студенттерин алып киришет экен. Түркиянын бардык медициналык окуу жайларында студенттердин теориялык алган билимин практикада көп колдонушат.

Немис тили менен түрк тили аркылуу көп нерселерге жетиштим. Чет өлкөгө чыгуу үчүн акча, тааныш-билиш керек эмес экендигин түшүндүм. Мындай аракеттен соң чет мамлекетте окуп, тажрыйба алып иштеп, кийин Кыргызстанга келип, бизде жасалбаган оор операцияларды жасоо менен элиме жардам берүүгө максат коюп жатам.

Мен ОшМУга тапшырганыма эч качан өкүнбөйм, мындай мүмкүнчүлүктү берген университетиме ыраазымын!

Учурда окууну аяктадым жана дипломдон кийинки ординатураны Түркияда өтүү үчүн Анкара шаарындагы «TUS» (Tıpta uzmanlık sınavı) программасына даярданып жатам», - деп айтып берди Медет.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up