Нарында укук коргоочулар ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту

Билим АКИpress - Нарын районундагы Оттук айылдык клубунда Оттук жана Казан-Куйган айылдырынын тргундары менен укук коргоо органдарынын жолугушуусу өттү. Ага Нарын райондук мамлекттик администрациясынын башчысынын орун басары Роза Жумаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Жолугушууда укук коргоо кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулук, эрте үй-бүлө куруу, мектеп рэкетчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Ага 200дөй айыл тургундары катышты. Иш-чарага райондун баш имамы К.Орозалиев да катышып, тарбиялык маанидеги сөздөрдү айтты. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө социалдык көйгөйлөр боюнча суроолор берилип, жооптор алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up