Баткенде «Мугалим — коомдун күзгүсү-2019» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Баткенде «Мугалим — коомдун күзгүсү-2019» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 7-ноябрында Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Исфана шаарында «Мугалим — коомдун күзгүсү - 2019» кароо-сынагынын облустук туру өттү.

Сынак «Мугалим» журналынын 5 жылдыгына, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Баткен облусунун билим берүү усулдук борборунун 10 жылдыгына карата уюштурулду. Сынакты уюштурууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, облустук билим берүү усулдук борбору, профсоюздук комитети, Лейлек райондук администрациясы, билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюму колдоо көрсөттү.

Сынакта Баткен облусу боюнча 10 мугалим ат салышып, калыстар тобу тарабынан мыктынын мыктылары өтө жоопкерчилик, калыстык менен тандалып алынды. Жеңүүчүлөр 2019-жылдын март айында «Мугалим» журналынын 5 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөрүлө турган сынактын республикалык туруна жолдомо алышты.

Саамалыкка «Мугалим» журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова баш болгон менеджерлери Сапаргул Добутова, Асел Жумакунова, Ош, Нарын, Талас облусундагы координаторлору Зарипа Абдураимова, Назгүл Ибраева, Эржан Асыраңов, ардактуу коноктор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалимдери Гапыр Мадаминов, Калбүбү Матураимова катышып, журналдын Баткен облусу боюнча координатору Жеңишбек Абдиназаров жана анын командасы тарабынан уюштуруу иштери мыкты болгонубелгиленди.

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:

Баш байге «Мыкты педагог» номинациясы 2 мугалимге ыйгарылып, республикага жолдомо алышты:

1. Сейдали уулу Улукбек — Лейлек районунун Н.Батыров атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

2. Жалилова Гүлзат Сарыбаевна — Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

1-орун «Новатор мугалим» номинациясы — Лейлек районунун Казыев Гожояр атындагы орто мектебинин математика жана информатика мугалими Абдиева Гүлзат Юсупбаевна;

2-орун «Компетенттүү мугалим» номинациясы — Лейлек районунун М.Баетов орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдыкалыкова Ташмама Абдыкалыковна;

3-орун «Кесипкой мугалим» номинациясы — Лейлек районунун Исфана орто мектебинин тарых жана кругозор мугалими Далиев Эльдор Бахтиярович;

3-орун «Таланттуу мугалим» жана «Интернет жылдызы» номинациялары — Баткен районунун З.Абдукаримов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Келдибекова Бүбүнса Токторовна.

Ысык-Көлгө II республикалык «Окуучу күткөн мугалим-2019» жайкы мектебине жолдомого Кылычов Замирбек Орозалиевич ээ болду.

Ал эми Исманова Жумагүл Турдалиевнага, Жумабаева Манзура Нурдинбаевнага, Айдарова Мээрим Бахабадиновнага кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Сынактын жыйынтыгы менен эстафета Талас облусуна өткөрүлүп, өтмө кубок тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up