Кара-Суудагы мектепте С.Ибраимовдун 90 жылдыгына карата семинар уюштурулду

Билим АКИpress - Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Учар» орто мектебинде 2018-жылдын 2-ноябрь күнү С.Ибраимовдун 90 жылдыгына карата семинар уюштурулуп, ага 46 мектептин директорлору, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Бул тууралуу Ош Билим берүү институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага ошондой эле Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн адистери, ата-энелер катышып, ачык сабактар, диспуттар жана тегерек стол уюштурулду. Семинар көргөзмө куралдар менен жабдылып, жогорку деңгээлде өткөнү жана окутуунун алдыңкы технологиялары колдонулганы белгиленип, Ош Билим берүү институтунун грамотасы тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up