Ошто 5-8-класстардын предметтик олимпиадсы өттү

Ошто 5-8-класстардын предметтик олимпиадсы өттү

Билим АКИpress - Ош шаарындагы мектептердин 5-6-7-8-класстардагы окуучуларынын тесттер менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу, алардын мониторингин жүргүзүү, ошондой эле олимпиадалык топтордун даярдыгын күчөтүү максатында предметтик олимпиада шаардык деңгээлде өткөрүлдү.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгын планына ылайык, бул иш-чара БАЖСКО деп (узартылышы: бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи класстардын олимпиадасы) аталып, башкармалыкка караштуу бардык мектептердин, ошондой эле каалоочу менчик мектептердин окуучулары үчүн уюштурулган. Жыйынтыгы электрондук текшерүү ыкмасы менен заматта чыгарылып, предметтик көрсөткүч боюнча алдыңкы орундарды багындырган мектептердин окуучулары, аларды даярдаган мугалимдер сыйланды.

Маалым болгондой, предметтик олимпиада буга чейин 5-6-7-8-класстар үчүн мектептик баскычта гана өткөрүлсө, өткөн окуу жылынан бери республика боюнча Ош шаарында өткөрүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up