Панфилов районунун билим берүү кызматкерлери Бишкек мектептерине саякат жасашты (сүрөт, видео)

Панфилов районунун билим берүү кызматкерлери Бишкек мектептерине саякат жасашты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 9-ноябрында Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Султаналиева, окуу-усулдук бөлүмүнүн методисти Иличбек кызы Бактыгүл баштаган райондун мектеп жетекчилерине тажрыйба алмашуу максатында Бишкек мектептерине саякат уюштурулду.

Биринчи саякат «Секом» билим берүү мекемесинен башталып, аткаруу директору Таалай Бекмурзаев жана окуу бөлүмүнүн башчысы Аида Шамырканова балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү жана «Секом» билим берүү мекемеси тарабынан «Креативдүү мектеп» деген аталыштагы китептер белекке берилди.

Экинчи саякат «Нова» билим берүү мекемесине жасалып, ал жерден Алтынбек Дүйшөналиев баалоо тестинин пайдалары жана баалоонун багыттары боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Үчүнчү саякат «Акылтай» башталгыч мектебине болуп, мектеп мүдүрү Эмил агай өзүнүн жүргүзүп жаткан иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Андан кийинки саякат «Кэмбридж» мектебине жана «Кут-Билим» билим берүү мекемесине болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up