Ош шаардагы М.Ломоносов мектебинин курулушу бүтө элек жатып, абалы начар

Билим АКИpress - Ош шаарындагы М.Ломоносов мектебинин курулушу бүтө элек туруп, абалы начар. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коллегиясында мэр Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, ажаткана курууда дагы, кичүү курулуш курууда дагы анын долбоорун жакшы, маани берип жасаш керек.

«Ломоносов мектебинин алдындагы брусчаткалар чөгүп кеткен. Дубалдарында жарака бар. Маани бербейсиңерби, подрядчиктерди карагыла, көзөмөлгө алгыла», - деп капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шүкүрали Мадаминовго кайрылды. Ал өз кезегинде мектеп караларын билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up