Кыргызстанда 400 миң наристе бала бакчага барбайт

Кыргызстанда 400 миң наристе бала бакчага барбайт

Билим АКИpress - Кыргызстанда 3 жаштан 6 жашка чейинки 400 миң бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барбайт. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова парламенттин жыйынында билдирди.

«Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдө 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 608 миңди түзөт. Алардын ичинен 400 миңдейи бала бакчаларга барбайт. Балдарды толук камтуу үчүн 250 орундуу дагы 1,6 миң бала бакчанын курулушу талап кылынат. Азыркы баалоолор боюнча, курулуш 80 млрд сомду түзөт», - деди ал.

Вице-премьер балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү үчүн китепкана аянтчаларында билим берүү ийримдери уюшулганын белгиледи. «Өлкө боюнча бизде 1050 китепкана бар. Азыр мындай билим берүү ийримдери 9 китепканада уюшулган. 2019-жылы биз мындай аянтчаларды дагы 40 китепканада ачууну пландап жатабыз», - деди А.Өмүрбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up