Аламүдүндө окуучулар РИИБ жана прокуратура кызматкерлери менен баарлашты

Аламүдүндө окуучулар РИИБ жана прокуратура кызматкерлери менен баарлашты

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери менен бирдикте райондун прокуратурасы профилактикалык иш-чаралардын негизинде райондогу мектеп окуучуларына лекция өткөрүштү.

Жолугушууда алар Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылындагы мектептин 9-11-класстагы окуучуларына кылмыш жообуна канча курактан баштап тартыла баштаары, ата-энелер алар үчүн кандай жоопкерчиликтерди, айып акыларды төлөшөрү тууралуу айтып беришти. Анын ичинде мектеп рэкетчилиги, коркутуулар, басынтуу, уурулук боюнча да пикирлер айтылды. Ошондой эле коомдук жайларда өзүн кандай алып жүрүш керек экенин жана коомдук тартип бузууларды көргөндө эмне кылыш керек экенин мисалдар менен айтып беришти.

Баарлашууда окуучулар ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле тууралуу кеп-кеӊештерге өзгөчө көӊүл бурушту. Алар кызыккан суроолоруна жооп таба алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up