Аламүдүндөгү мектептин окуучулары Москвадагы эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районундагы С.Бегматова атындагы Таш-Мойнок орто мектебинин окуучулары 2018-жылдын 3-ноябрында Москва шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык «Абакус» олимпиадасынан байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Маалым болгондой, эл аралык олимпиадага С.Бегматова атындагы мектептен 5 окуучу катышып, жыйынтыгында 1-класстын окуучусу Тентимишева Айназик жана 4-класстын окуучусу Омушева Арууке байгелүү орунарды ээлешип, диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up