Оштун мыкты жаш акыны аныкталды (сүрөт)

Оштун мыкты жаш акыны аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - 14-ноябрь күнү Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында «Жаш акын» сынагы болуп өттү.

Сынакка ОшМУнун таланттуу студенти Өскөнбай кызы Айжана, ОГПИнин студенти Исамидин уулу Бектурали, Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Абдиназар кызы Нургиза, ОшТУнун студенти Узакбай уулу Камчыбек катышты. Акындардын чыгармачылык дарамети белгилүү акын, жазуучу Зинакан Пасанова, жазуучу, драматург Суранчы Жетимишов сыяктуу акын-жазуучулар тарабынан бааланды.

Сынак жалпысынан 4 тур менен өтүп, анда ар бир катышуучу акын биринчи турда мыкты деген эки ырын окуса, экинчи турда Ч.Айтматовдун бейнеси–поэзияда, үчүнчү турда акындык талантынан сырткары өнөрүн көрсөтүп, төртүнчү турда калыстар жана күйөрмандардан тандалып алынган 5 сөзгө 5 мүнөттүн ичинде ыр жазышты.

Жыйынтыгында калыстардын баалоосу менен баш байгени Узакбай уулу Камчыбек багындырды. Ал эми 1-орунду Исамидин уулу Бектурали, 2-орунду Өскөнбай кызы Айжана жана 3-орунду Абдиназар кызы Нургиза ээлеп, уюштуруучулар тарабынан диплом жана улуу жазуучулардын томдуктары, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Жан дүйнөнү поэзия менен сугарып, көңүл жибиткен бул иш-чара ОшМУнун студенттик «Нур» гезитинин редактору, акын Мелис Маматжан уулу жана Тарбия департаменти тарабынан уюштурулду. Сынакка ОшМУнун ректораты жана профсоюз уюму демөөрчүлүк кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up