Оштогу мектептик медиа борбор «Эң шамдагай медиа-бурч» номинациясына ээ болду

Оштогу мектептик медиа борбор «Эң шамдагай медиа-бурч» номинациясына ээ болду

Билим АКИpress - Ош шаарындагы №27 XXIV Партсъезд атындагы орто мектебинин медиа борбору «Эң шамдагай медиа-бурч» номинациясы жана баалуу белектер менен сыйланды. Бул тууралуу аталган мектептин медиа борборуна жооптуу информатика мугалими Мирлан Нарматалиев билдирди.

Анын айтымында, №27 XXIV Партсъезд атындагы орто мектебинин медиа борбору «ММК Колдоо борбору» фонду уюштурган «Эң мыкты медиа-бурч» аттуу республикалык сынагына катышкан. Бул сынакта ийгилик жараткан мектептик медиа борборлорду сыйлоо аземи Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча Медиа бурчтардын форумунун алкагында уюштурулуп, бардык медиа борборлордун ишмердүүлүгүн жүргүзгөн окуучулардын, ага жооптуу мугалимдердин катышуусунда өткөн. Муну менен катар аталган фонд тарабынан Ош шаардык билим берүү башкармалыгын окуу-усулдук каанасынын башчысы Т.Досмуратов да медиа маалыматтык сабаттуулукту түштүк жергесинде жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазылык баракчасы, ошондой эле баалуу белектер менен сыйланды.

Маалым болгондой, буга чейин мектеп мугалимдери үчүн медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча уюштурулган семинар-тренингдердин натыйжасында Ош шаарындагы бардык мектептерде мектептик медиа борборлор түзүлүп, тийиштүү иш-аракеттерди көрүп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up