Токмоктук Айсезим Керимбекова республикалык долбоордон 35 миӊ сом утуп алды (сүрөт)

Токмоктук Айсезим Керимбекова республикалык долбоордон 35 миӊ сом утуп алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну Айсезим Керимбекова «Консултанты по Миростроителству» аттуу республикалык долбоорго катышып, анын ичинен «Мектеп — достук башаты» деген кичи долбоор боюнча 35 миң сом утуп алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул долбоорду жазаардан мурда өз локациябызга анализ жасадык. Тактап айтканда, «кайсы чыр-чатак шаардын кайсы жеринде актуалдуу, аны чечүү үчүн жаштар кандай иш-чараларды талап кылат?» деген суроолордун алкагында анализ жүргүзүп, «Түрдүүлүк» «Стереотип», «Чыр-чатактар жана чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү жолдору» деген темадаларда тренинг жана жаштардын талабы боюнча «Мектепти аяктоодо бүтүрүү кече өткөрүү керекпи же жокпу?» деген темада симуляциялык оюн өткөрдүк.

Долбоор жогорку деңгээлде өттү деп айта алам, анткени катышуучулар жана мугалимдердин суранычы менен долбоордун уландысын катышуучулар менен бирге тандалган мектептерге ушул эле темаларда тренингдерди өткөрмөкчүбүз», - дейт Айсезим Керимбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up