Панфилов районунда «Биз суицидге каршыбыз» аттуу форум-театр өткөрүлдү

Панфилов районунда «Биз суицидге каршыбыз» аттуу форум-театр өткөрүлдү

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка орто мектебинин базасында «Биз суицидге каршыбыз» аттуу райондук мектеп окуучуларынын форум-театры өткөрүлдү. Иш-чара райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, раймамадминистрациянын, райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн, мугалимдер жана окуучулардын катышуусунда жүзөгө ашырылды.

Форум-театрдын өтүлүшү жана андагы көрсөтүлгөн, көтөрүлгөн маселелер жаатында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Айгүл Султаналиева айтып берди. «Тарбия менен билимдин биримдиги ажыраган, укук менен жоопкерчиликтин жоопсуз калган жеринде кылмыштуулук, өз өмүрүнө балта чабуу, суицид ж.б. терс көрүнүштөр орун алары талашсыз чындык. Дегенибиз, андай шартта жаштарга терең түшүнүк берилбей, көзөмөлдөн чыккан жаштар түрдүү терс көрүнүштөргө себепкер болууда. Ошондон улам «Биз суицидге каршыбыз» аттуу бир айлык акция жүргүзүүдөбүз. Бүгүнкү форум-театр ошонун алкагында өтүлүүдө. Окуучулар тартуулаган театрлаштырылган көрүнүштөр балдар балдардын көзү менен, тактап айтканда, өзүн өзү таануу принцибин көздөйт. Мындай иш-чаралар түрдүү формада сандан сапатка багыт алуусу зарыл. Коомчулуктун бирдиктүү талабы гана терс жагдайга бөгөт коёт. Суицид — бул оору, жеңил ойлуулуктун тыянагы. Анын дарысы — тарбия», - деди ал.

Форум-театрдын соңунда райондук ички иштер бөлүмү тарабынан
видеороликтер, таанымдар көрсөтүлдү. Өзгөчө зор даярдыкта келишкен Вознесеновка, К.Жумагулов, А.Раимкулов жана Чалдовар №1 орто мектептери башкаларга үлгү болушту.

Иш-чарада раймамадминистрациянын башчысынын орун басары Сартбай Сүйүналиев, РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын майору Болотхан Ниязалиев сөз сүйлөп, жүйөлүү пикирлерин билдиришти.

Форум-театр тастыктаган таасирлер:
- Вознесеновка орто мектебинин директору Чынара Нуржанованын жетектөөсүндө таасирдүү көргөзмөлөрдүн чагылдырылышы;
- Катышуучулардын массалуулугу;
- Тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыздалышы;
- Таасирдүү сөз, таамай видеотаанымдардын турмуш менен байланыштуулугу;
- Жашоо маңызынын, өмүрдүн улуулугунун даңазаланышы;
- «Канткенде адам улуу адам болот» Ч.Айтматовдун түбөлүктүү философиясынын чагылдырылышы;
- Форум-театрдын жеткиликтүүлүгү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up