Жалал-Абаддагы окуу жайда «Академия периси» сынагы өттү (сүрөт)

Жалал-Абаддагы окуу жайда «Академия периси» сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Жалал-Абаддагы Укук, бинес билим берүү академиясынын студенттери арасында «Академия периси» сынагы болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин карата уюшулган.

«Өзүнүн калеми менен кыргыз журтчулугун бүтүндөй ааламга тааныткан Айтматовдун 90 жылдык мааракеси өлкөнүн булуң-бурчунда ар кандай маданий иш-чаралар менен белгиленүүдө. Биз да катардан калбай, мына ушул саамалыкты өткөрүп жатабыз. Башкача айтканда, окуу жайдагы 5 факультеттин алдыңкы делген кыздарынын арасында сынак өткөрдүк. Сынакка жалпы 5 кыз катышып, 4 шарт менен күч сынашты. Жеңүүчүлөргө окуу жайдын атынан кызыктыруучу белектер, акчалай сыйлыктар жана диплом, громаталар тапшырылды», - дейт Укук, бинес билим берүү академиясынын проректору Элмира Эркулова.

Аталган окуу жайда 3 миңден ашуун стедент 7 багыт боюнча билим алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up