Кадамжайлык Шерикбек Москвада медициналык билимин жогорулатуу үчүн 4500 суроого жооп берген (сүрөт)

Кадамжайлык Шерикбек Москвада медициналык билимин жогорулатуу үчүн 4500 суроого жооп берген (сүрөт)

Билим АКИpressүлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну 24 жаштагы тургуну Шерикбек Айдаров. Ал учурда билимин Москва шаарындагы Н.В.Склифосовский атындагы илимий-изилдөө инистутунда улантып жатат. Шерикбек окууга өтүү үчүн 4 миң 500 суроого жооп берген. Анын Москва шаарында билим алуусуна тайпалаштары менен бирге көргөн «Склифосовский» киносу түрткү болгон. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга берген маегинде айтып берди.

«Мен 2017-жылы Ош мамлекеттик унверситетинин медицина факультетинин дарылоо бөлүмүн аяктап, ошол эле жылы ординатурамды Москва шаарынан окуп, үйрөнүү максатында Москвадагы Н.В.Склифосовский атындагагы илимий-изилдөө инистутуна тапшырдым. 1-курстан бирге окуган Максат, Манас, Ислам, Дамир деген дос балдарым менен «Скифосовский» деген кино түрмөгүн көрүп, «ушундай жерде иштесек гана» деп кыяданчубуз.

Окуу жайда менен башка дагы 10дон ашуун кыргыз студенттери билим алышат. «Жакшы ниет жарым ырыс» демекчи, минтип кыялыма жетип отурам. Алгач келгенде Москванын жолдорун, көчөлөрүн билбейт элем. Баарын картадан карап үйрөндүм. Башында окууга өтүү үчүн берилген суроолорго 10 күн гана даярдандым. 4 миң 500 сууроого жооп берип, окуу жайга өтүп кеттим. Алардын арасында 60 суроо Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары жөнүндө болчу. Мен 100 же 200 суроо берилсе керек деп ойлогом. «Эгерде өтпөй калсам кантип айылга барам, эмне деп барам?» деп ойлонуп, кыйналчумун. Окууга өткөнүмдү укканда ишене албай сүйүнүп кеттим», - деди Шерикбек.

Анын айтымында, Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар коррупциялашып кеткен. «Билим сапаты бардык жерде бирдей эле. Москвада медициналык жабдуулар жаңы, окуп үйрөнүүгө бардык шарттар бар. Операциянын жаңы жана оңой жолдорун үйрөтүшөт. Жума сайын профессорлор келип, лекция өтүп турушат. Кыргызстандагы медициналык окуу жайларда мындай шарттар жокко эсе десем болот. Эгерде биздин өкмөт да медицинага керектүү жаңы жабдуулар менен окуу жайларды, ооруканаларды камсыз кылып койсо, Кыргызстандан да тажрыйбалуу жакшы кадрлар чыкмак. Азыркы жаштар аракетчил», - дейт ал.

Келечектеги хирург Москвадан билим алып, тажрыйбалуу дарыгер болгондо гана мекенине кайтып келерин айтат. «Медицинаны өмүр бою изилдесең да түбүнө жетпейсиң. Биз, дарыгерлер, өмүр өткөнчө изилдейбиз. Медицина кызматкери эң биринчи кичи пейил, адамгерчиликтүү болушу керек. Бизде «ак халатыңдын ардагы бол» деген сөз бар. Мен ар дайым ушул сөздү туу тутам. Эгерде мен өз кесибимди сүйбөгөнүмдө бул жактарга изденип келбейт элем, деп ойлойм. Буюрса, 2019-жылы жай айында окуумду аяктайм. Тажрыйба топтоп, мекениме барып кызмат кылам», - деп айтып берди Шерикбек келечектеги пландары тууралуу.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up