Нарын медколледжинин командасы аялдар арасында өткөрүлгөн волейбол турниринде жеңүүчү болду (сүрөт)

Нарын медколледжинин командасы аялдар арасында өткөрүлгөн волейбол турниринде жеңүүчү болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы медициналык колледжинин командасы кыз-келиндер арасында өткөрүлгөн волейбол оюну боюнча мелдеште жеңүүчү деп табылды. Ага шаардагы мекеме-ишканалардан 8 команда катышты.

Иш-чара Нарын шаарынын аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган.

Нарын медколледжинин командасы өздөрүнүн мыкты даярдыкта экендиктерин көрсөтүп, атаандаштарынан алдыга озуп чыкты. Өз тайпасындагы атаандаштарын артка калтырып, жеңишти камсыз кылышты. Финалдык оюнда Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун командасы менен беттешип, атаандашын жеңилүүгө аргасыз кылды.

Жеңүүчүлөр мелдештин уюштуруучулары тарабынан кубок жана 1-даражадагы диплом менен сыйланышты. Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн Гүлмира Ходжановага диплом жана баалуу белек тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up