Ак-Талаадагы 3 мектептин окуучуларына америкалык ыктыярчылар англис тилин үйрөтүшөт (сүрөт)

Ак-Талаадагы 3 мектептин окуучуларына америкалык ыктыярчылар англис тилин үйрөтүшөт (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3 орто мектептин окуучуларына англис тилин үйрөтүү максатында ыктыярчылар келип, иш жүргүзүп баштады. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, окуучуларга англис тилин кеңири үйрөтүү жана жайылтуу максатында Баетов айылындагы Э.Карасартов, Кызыл-Белес айылындагы С.Атамбеков жана Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектептерине Тынчтык» корпусунун 3 ыктыярчысы келип, иш алып барууда.

Келген ыктыярчыларды район акими Нурбек Молдокадыров жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев кабыл алып, бул иш боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up