Ошто мектеп окуучулары арасында «Чыңгыз Paint» аттуу компьютерде сүрөт тартуу сынагы өттү (жеңүүчүлөр, сүрөт)

Ошто мектеп окуучулары арасында «Чыңгыз Paint» аттуу компьютерде сүрөт тартуу сынагы өттү (жеңүүчүлөр, сүрөт)

Билим АКИpress - Ошто залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектеп окуучулары арасында «Чыңгыз Paint» аттуу компьютерде сүрөт тартуу сынагы болуп өттү. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен 5-7-класстар үчүн уюштурулган бул сынак мектеп окуучуларынын компьютердин жардамында өнөрүн көрсөтүү менен алардын талантына шык берүү максатында пландалган.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Н.Касымбаевдин билдирүүсүнө караганда, быйылкы окуу жылынан тарта 5-класстардан баштап өтүлүп жаткан информатика сабагында компьютердик Paint программасы окутулат. Анын айтымында, бул сынакты өткөрүү менен окуучулардын аталган программаны канчалык өздөштүргөнүн байкоого болот.

«Билим берүүнүн жаңы стандартына ылайык көркөм өнөр боюнча сабак берген мугалимдер компьютерди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүшү керек. Алардын иш-аракетин мына ушундай сынактарга катышкан окуучусунун натыйжасы менен баалай алабыз. Бул сынакка окуучуну даярдоодо сүрөт мугалимдери, адабиятчылар жана информатиктер биргеликте иштешти», - деп кошумчалады башкармалыктын усулчусу Ж.Токтошева

Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгында Ош шаарындагы №32 Ж.Мамытов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Айтиева Айжамал баш байгени багындырды. Ал эми №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу Шарабидинов Нурислам 1-орунду, №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу Аманкулова Самира 2-орунду, №7 Нариманов атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу Кадырова Нуржахонбегим 3-орунду ээледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up