Кара-Көлдө мугалимдер менен окуучулар Ч.Айтматовго араналган адабий кече өткөрүштү

Кара-Көлдө мугалимдер менен окуучулар Ч.Айтматовго араналган адабий кече өткөрүштү

Билим АКИpress - 21-ноябрь күнү Кара-Көл шаарында мугалимдер менен окуучулар залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышып, адабий кече өткөрүштү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кечеге шаардык билим берүү усулдук кабинетинен жана шаардык жаштар иштери боюнча өкүлдөр катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө башталгыч класстардын мугалимдери окуучулары менен бирге Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышып, ырларды жана комуздун кол ойноткон күүлөрүн тартуулашты. Башталгыч класстардын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары У.Эгизбаева жазуучунун өмүр жолу тууралуу илимий маалымат берди.

Аталган иш-чара №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын жааматы тарабынан чыгаан жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюшулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up