Талас шаарындагы айрым мектептерде окуучуларга ысык тамак берилбей жатат

Талас шаарындагы айрым мектептерде окуучуларга ысык тамак берилбей жатат

Билим АКИpress - Талас шаарындагы айрым мектептерде ата-энелер окуучуларга 4 күндөн бери чай берилбей, «үйдөн алып келгиле» дешкендерин айтып, нааразы болушууда.

Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчинин орун басары Мира Асанбекованын айтымында, бугунку кундо шаардагы башталгыч класстын окуучуларына тамак берилген жок. «Анын себеби Финансы министрлигинен акча которулган эмес. Ага тендердин кеч өткөнү себеп болуптур. Бардык мектеп директорлорунун бул тууралуу маалыматы бар. Бизде шаарда 9 мектеп болсо, анын ичинен ата-энелердин каражатынан ысык тамак ичкендери бар. №1, №4, №5 мектептерде күндөгүдөй эле тамактар берилип жатат. Калган мектептерде убактылуу берилген жок», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up